На КПП «Достук» фитосанитардык документтерсиз 27 тоннага жакын пияздын киришине тыюу салынды
Фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо үчүн Ош облусунун химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин башкармалыгы мамлекеттик чек арада күчөтүлгөн көзөмөл жүргүзүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан берилген маалыматка ылайык, өткөн жумада Өзбекстандан «Достук» өткөрмө бекети аркылуу 26 тонна 978 кг пиязды алып келүүгө аракет жасалган.