Таласта эр киши башына таяк менен урунуп каза болду. Шектүү кармалды
Таласта башка адамдын өлүмүнө алып келген оор зыян келтирүүдө шектелген эркек киши кармалды. Аймактык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан маалым болгондой, 2026-жылдын 11-январь күнү Талас райондук ички иштер бөлүмүнө Талас облустук бириккен ооруканасынан телефон чалуу келип, анда оор абалдагы эркектин тез жардам бригадасы тарабынан жеткирилгени тууралуу маалымдашкан.