Ошто Алымбек датка көчөсүндө болжол менен 500 дарак кесилди

Сергей Гармаш Жергиликтүү жаңылыктар / Өзгөчө
VK X OK WhatsApp Telegram
Ош шаарында Алымбек-датка көчөсүндө болжол менен 500 дарак кесилди, деп билдирди Ош шаарынын мэриясы.

Маалыматка ылайык, учурда жараксыз абалга келген дарактарды кесүү жана ирригациялык каначтарды жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ош шаарынын «Ошту көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын директору Азамат Советбек уулу 500 дарак кесилгенин билдирди.

«Биз Орозбек Акимбаев көчөсүнөн (А. Суюмбаев атындагы стадион) Бабур атындагы театрга чейинки участокто болжол менен 500 даракты алып салдык.



Асфальтталган жол менен ирригациялык каналдын ортосунда, ошондой эле жолдун жээгинде өскөн дарактар кесилди. Мындан тышкары, С. Ибраимов атындагы драмалык театрдын жанындагы жана «Ош Нуру» мейманканасынын алдындагы дарактар да алынды», - деди ал.

А. Советбек уулунун айтымында, өткөн жылы экология башкармалыгы эски жана авариялык дарактарды кесүүгө уруксат берген. Ошондой эле Ош шаардык кеңеши Вахапов көчөсүнөн Алишер Навои көчөсүнө чейинки участокто 1 миң 870 даракты кесүүгө уруксат берген.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: