Биринчи күн кызматта жана дароо уурдалган кызды куткаруу операциясы — милиция капитаны Асель Сулайманкулованын тарыхы
Turmush окурмандарды Кыргызстандагы укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иши жана жашоосу менен тааныштырып жатат. Бүгүнкү күндүн борборунда — Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милиция капитаны Асель Сулайманкулова.