
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ОРВИден коргонуу үчүн негизги эрежелерди сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.
Атап айтканда, дарыгерлер төмөнкү сунуштарды карманып турууну сунушташат:
- Жөтөлүп же чүчкүрүп жатканда оозуңузду жана мурунду салфетка же локтубуз менен жабыңыз;
- Сууктап калуудан же ысып кетүүдөн качууга аракет кылыңыз;
- Өзүңүздү жаман сезгенде же грипп белгилери пайда болгондо үйдө калыңыз;
- Гигиена эрежелерин сактаңыз: колуңузду көп жууңуз, бөлмөлөрдү желдетип, нымдуу тазалык жүргүзүңүз;
- Окуу жана эс алуу режимин көзөмөлдөңүз: таза абада сейилдеп, жетиштүү уктап, туура тамактанууга аракет кылыңыз;
- Эртең менен гимнастика жана физкультурага убакыт бөлүңүз;
- Эгер балаңыз ооруп калса, ал айыкканча аны мектепке же бала бакчага жибербеңиз, жана үй-бүлөлүк дарыгериңиз менен кеңешиңиз;
- Жарандык жайларда маска кийип, аралыкты сактаңыз.