
Акыркы убакта жаштар арасында энергетикалык ичимдиктерди колдонуу өсүүдө, бул ден соолукка олуттуу кесепеттерди алып келет. Бул тууралуу УТРКга берген интервьюсунда Улуттук хирургиялык борбордун бөөк хирургия бөлүмүнүн башчысы Эрнис Тилеков билдирди.
Анын айтымында, акыркы бир нече айдын ичинде төрт адам ушул ичимдиктерди колдонгондон кийин каза болуп, дагы бир нече адам реанимацияда жатат.
Тилеков ошондой эле энергетиктер кыска мөөнөттүү энергияны камсыз кылса да, алардын курамындагы токсикалык заттар өт, мээ, поджелудочная без жана жыныс органдары сыяктуу маанилүү органдарга олуттуу зыян келтирерин белгиледи.
«Бул ичимдиктер убактылуу сергек болууга жардам берет, бирок ошол эле учурда организмге олуттуу зыян келтирет. Төрт адам каза болду, жана бир нече адам оор абалда. Мындай кырдаал жаштар арасында нормага айланып бараткандыгы өтө тынчсыздандырат. Мен бул тенденцияга каршы мыйзамдык чараларды киргизүү керек деп эсептейм», — деди врач.
Медиктер жаштарды жана алардын ата-энелерин сак болууга жана энергетиктерди колдонбоого чакырышууда.