
Стамбул прокуратурасы Рождество жана Жаңы жылды белгилөөгө даярдалып жаткан террордук актыларга шектелген 137 адамды кармоо үчүн ордерлер чыгарылганын билдирди. Бул аракеттер «Ислам мамлекети» террордук уюмунун чакыруусу боюнча башталган. Учурда 115 адам кармалды, деп маалымдайт РИА Новости.
Кармалуу операциясы прокуратуранын террорго каршы бюросу католик Рождествосуна жана Жаңы жылга байланыштуу ИГнин чакыруулары боюнча даярдалып жаткан чабуулдар тууралуу маалымат алган соң жүргүзүлгөн. Кармалгандардын арасында конфликт зонасындагы жоочулар менен байланышта болгон адамдар бар.
«137 шектүү үчүн кармоо ордерлери 124 дарек боюнча чыгарылган, терроризм, анын ичинде эл аралык кылмыштар боюнча айыптоо менен. Учурда 115 адам кармалды, калганын кармоо боюнча иштер уланууда», - деп айтылат прокуратуранын маалымат жыйынында.