
2023-жылдын март айында АКШ Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде төрагалык кызматты ээлейт, жана 2-числа өткөрүлүүчү жыйында билим берүү, технологиялар, ошондой эле тынчтык жана коопсуздук маселелери каралат.
The Guardian маалыматтарына ылайык, Коопсуздук Кеңешинин жыйындары адатта мүчө мамлекеттердин элчилери же жогорку деңгээлдеги министрлердин өкүлдөрү тарабынан өткөрүлөт.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2025-жылдын августунда Аляскада өткөн саммитте Дональд Трамп Мелания Трамптын Владимир Путинге жөнөткөн катын тапшырган. Reuters маалыматтарына ылайык, бул катта Украинадагы балдардын Россияга чыгарылышы тууралуу сөз болот. Кийин Fox News бул каттын текстин жарыялады, анда Украина аталган эмес. Катта мындай деп жазылган: «Мырза Путин, сиз бул балдарга кубанычтуу күлкү тартуулай аласыз. Бул балдардын күнөөсүздүгүн коргоп, сиз Россияга гана эмес, бүт адамзатка кызмат кыласыз». Октябрда Мелания Трамп өзүнүн өкүлү Путиндин командасы менен украиналык балдарды алардын үй-бүлөлөрү менен коопсуз кайра бириктирүү үчүн түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген, бул байланыштардан кийин сегиз бала ата-энесине кайтып келе алганын белгилеген.