
Курмандыктар арасында - 12 жаштагы бала
Түркиянын Гебзе шаарында трагедия болду: куткаруучулар кулаган алты кабаттуу үйдүн урандыларынан эки курмандыктын денесин чыгарышты, деп билдирет TRT Haber телеканалы.
Жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын маалыматына ылайык, курмандыктардын бири 12 жаштагы бала болгон.
Бүгүн эртең менен Стамбулдун чыгыш бөлүгүндө, Гебзе районунда, алты кабаттуу турак жай кулады. Урандылар астында беш адамдан турган үй-бүлө калды, алардын бардыгы жергиликтүү тургундар.
Урандылардан адамдарды чыгаруучу операцияга 375 куткаруучу катышууда. Коопсуздук максатында ошондой эле жети коңшу үйдүн тургундары эвакуацияланды.
Кулаган үйдүн себептери азырынча белгисиз. Үй 2012-жылы курулган, ал эми биринчи эки кабатында дарыкана жайгашкан. Имаратта эки үй-бүлө жашаган, жалпы жонунан жети адам.
Сүрөт www