2025-жылдын 10-сентябрында эркек, жабырлануучуга ишенич арттырып, алдамчы жол менен BMW X5 унаасын алып, аны сатууга сунуш кылган. Кийинчерээк ал унааны үчүнчү жакка саткан жана келишимден алынган акчаны жеке муктаждыктарына жумшаган.

Бишкекте BMW X5 саткан алдамчы кармалды.
Бишкек ШИИБинин тергөө кызматы бул окуя боюнча 209-беренеге ылайык "Алдамчылык" боюнча кылмыш ишин козгоду.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында күдүк аныкталып, кармалды, ал 1978-жылы туулган А. Р. болуп чыкты. Ал Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.