Бишкектеги пиццерияда мушташ болду. Шектүүлөр кармалды
Бишкекте, 20-январда, Чүй проспектиндеги ресторандардын биринде окуя болуп, ал катышуучулардын ортосунда мушташка алып келди. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн алынган маалыматка ылайык, конфликттин катышуучуларынын бири башка адамдарга курал менен коркуткан. Токмоктошуу натыйжасында эки эркек киши бычактан жаракат алды: алардын бири балтырынан, экинчиси сол жамбашынан жаракат алды.