



Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде борбордук аппараттын, профилдик мекемелердин жана энергетикалык компаниялардын жетекчилери катышкан жыйын өттү. Энергетика министри Таалайбек Ибраев шайлоо учурунда күчөтүлгөн режимде иштөөнүн маанилүүлүгүн билдирди. Ал энергетиктер арасында жогорулатылган жоопкерчилик жана энергетика объекттериндеги бардык операцияларга катуу көзөмөлдү талап кылды.
Ибраев ошондой эле, ал жеке өзү шайлоо участкаларында электр энергиясынын үзгүлтүксүз берилишине көз салып жатканын белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө энергетикалык компаниялардын өкүлдөрү учурда электр энергиясын өчүрүү катталбай жатканын жана энергиянын берилиши кадимки режимде жүргүзүлүп жатканын тастыкташты.
Министр, суук түшүү шарттарында калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу маселеси да анын жеке көзөмөлүндө экенин кошумчалады.
Ал энергетиктерди жарандар алдында өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарууга чакырды.