





Бишкекте, мэрия корпоратив үчүн пландалган каражаттарды мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүүгө жумшоону чечти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Бул демилгени ишке ашыруу алкагында мэр Айбек Джунушалиев атайын мектеп №30га барып, окуучуларга спорттук тренажерлорду тапшырды, бул алардын физикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана ден соолугун чыңдоого жардам берет.
Визит учурунда мэр балдарды жана мугалимдерди келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, мэрия тарабынан уюштурулган жаңы жылдык шыршага чакырды.
Ошондой эле мэр мектептеги окуу шарттары менен таанышып, визиттин жыйынтыгында медициналык кабинет түзүү жана медициналык жана реабилитациялык жардам үчүн атайын жабдууларды сатып алуу үчүн резервдик фонддон каражат бөлүү чечимин кабыл алды.
Эскерте кетсек, Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата Свердлов райондук акимчилиги мектепке медициналык жабдууларды, анын ичинде кушетканы, офтальмологиялык таблицаны жана дары-дармек сактоочу шкафты сатып алууга жардам берген.
1938-жылдан бери иштеп келе жаткан атайын мектеп №30 учурда 288 мүмкүнчүлүгү чектелген баланы окутууда.