Гастролдордун программасында көрүүчүлөргө дүйнөлүк классиканын шедеврлери, мисалы, "Лебединое озеро", П. Чайковскийдин "Щелкунчик" жана Л. Минкустун "Дон Кихот" чыгармалары сунушталды.



Гастролдор үчүн европалык коомчулук тарабынан жогорку баа алган жаркын костюмдар тигилген.
Турне театр менен Global Showtime Services S.R.L. компаниясынын ортосундагы кызматташуу меморандумунун негизинде мүмкүн болду.
Труппада 45 артист болгон, аларды КРнын эл артисти Муратбек Бегалиев жана КРнын эл артисти, башкы балетмейстер Айзада Тумакова жетектеп, техникалык персонал коштоп жүрдү.
Гастролдорду уюштуруу боюнча бардык чыгымдарды кабыл алуучу тарап өзүнө алды.
Кыргыз жана испан тараптары кызматташтыкты улантууну пландаштырууда, белгилүү театр ишмерлерин, режиссерлорду, балетмейстерлерди жана солисттерди тартуу менен биргелешкен долбоорлорду, ошондой эле дүйнөлүк жана улуттук классиканын мыкты чыгармаларын, заманбап авторлорду көрсөтүү менен гастролдорду жана концерттерди өткөрүүнү көздөшүүдө.