Долбоорго ылайык, аксакалдар сотунун кеңешин түзүү жана иштөө тартибин аныктаган бирдиктүү жобо белгиленет. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ушул документти окшош кеңештерди түзүүдө пайдалануу сунушталат.
Ошондой эле долбоор төмөнкү чараларды камтыйт:
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү администрациялардын расмий веб-сайттарында жобону жарыялоо;
- документти жергиликтүү кенештерге, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына, ошондой эле президенттин өкүлдөрүнүн аппараттарына жиберүү;
- буйрукту Юстиция министрлигинде каттоодон өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү.
Буйруктун ишке ашырылышын контролдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басарларынын бирине жүктөлөт.