
Браконьерчиликке каршы күрөш уланууда
Иссык-Куль аймагынан 1100 метр эски синтетикалык кытайлык торлор алынды. Бул маалыматты Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.
Министрликтин маалыматына ылайык, 4-январда аймакта туристтик-экологиялык милиция менен биргеликте рейд өткөрүлгөн.
Операция учурунда мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган жабдуулар табылган.
Министрликтен билдиришкендей, браконьерлерге каршы чаралар улантылат.
Сүрөт www