
Жакында Жогорку Кенештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова Кыргызстанда түтүнсуз мештерди киргизүү боюнча сунушун билдирди. Ал өлкөдөгү үй-бүлөлөрдүн 70%ы жылуулук үчүн көмүр колдонорун, бул болсо атмосферага зыяндуу заттардын чыгарылышына алып келерин белгиледи.
Депутат: «Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясына ылайык, 2040-жылга чейин Кыргызстан эң экологиялык жактан таза өлкөлөрдүн бири болушу керек. Бул максатка жетүү үчүн түтүнсуз мештерди массалык өндүрүүнү уюштуруп, калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарыл. Өлкөдө мындай мештер өндүрүлүп жаткандыгына карабастан, алардын саны чектелүү. Монголия жана Кытай сыяктуу башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы мындай түзмөктөрдүн түтүн деңгээлин кыйла төмөндөтөрүн көрсөтүп жатат», — деп кошумчалады.