Ведомстводо учурда кар көчкүнүн так көлөмү аныкталып жатканын такташты.
Транспорттук кыймыл эки тарапка токтотулган.Ошондой эле, жолду тазалоо үчүн атайын техникалар тартылганы жана иштер улантылып жатканы маалымдалды.
Мындан тышкары, Минтранс маалыматтарына ылайык, 12-февралда 09:29да Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад (Нарын облусу) альтернативдүү авто жолунун 198–200 км аралыкта болжол менен 1000 куб метр көлөмдөгү кар көчкү түшүп, бул да кыймылды токтотууга алып келген. Окуядан жабыркагандар катталган жок. Жолду тазалоо үчүн атайын техника колдонулууда.
Ведомство кийинчерээк кошумча маалымат берүүгө убада берди.