"Биздин расмий сапарыбыз учурунда өлкөдө саясий өзгөрүүлөр болду. Биз мунун баарын көрдүк. Менин дарегиме ар кандай комментарийлер айтылды жана белгилүү бир суроолор көтөрүлдү. Менин кызматым бир же эки адам үчүн эмес, бүт кыргыз эли жана парламент үчүн арналганын билдиргим келет. Мен парламентке жана элге болгон милдетимди уланта берем. Ошондуктан мени жеке адамдар менен байланыштыруу туура эмес. Мен VII чакырылыштагы Жогорку Кенештин торага кызматын аркалап, маанилүү мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышына өз салымымды коштум. Саясий туруктуулук өлкөнүн гүлдөшүнө алып келди. Соңку жылдары Кыргызстан тез өнүгүп жаткан экономикасы бар мамлекеттердин бири болуп калды. Бул Садыр Жапаров жетектеген команда жана кыргыз парламентинин ишинин натыйжасы. Бардык негизги мыйзам долбоорлору жана чечимдер парламенттин дубалдарында кабыл алынды. Бирок муну үчүн саясий маданиятты өнүктүрүү керек.
Мен түшүнбөстүктөрдү жана шектенүүлөрдү болтурбоо үчүн Жогорку Кенештин торага кызматынан өз каалоом менен кетүүнү чечтим. Бул менин өзүмдүн чечимим, жана эч ким мага басым жасаган жок - мен муну болтурбайм, анткени менин мүнөзүм бар.Туруктуулук абдан маанилүү. Президент тарабынан башталган саясий реформалар ишке ашырылышы керек жана саясий туруктуулукту сактоо зарыл. Ушундан улам мен мындай чечим кабыл алдым", - деп белгиледи ал.