
Ал эми кымбат электр зымдарына эмне болду?
Бишкекте троллейбус устундарын демонтаждоо процессу башталды, бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы билдирди. Бул иштерди аткарууга 12 миллион 46 миң сом бөлүнгөн, деп белгиледи #БишкекСмог демилгеси топтун негиздөөчүлөрүнүн бири Бермет Борубаева.
Активисттин айтымында, мурда борбордун финансылык башкармалыгы жергиликтүү бюджет троллейбустарды башка региондорго өткөрүүдө чыгым тартпайт деп билдирген. Бирок, инфраструктураны демонтаждоо муниципалдык каражаттардын эсебинен каржыланууда.
Ошол эле учурда демонтаждалган конструкциялардын, айрыкча, кымбат электр зымдарынын тагдыры боюнча суроо ачык бойдон калууда. 2024-жылдын ортосуна карата Бишкектеги контакттык линиялардын жалпы узундугу 210 км түзгөн. Троллейбус контакттык тармагын бир километр узундукта орнотуунун баасы регионго жана шарттарга жараша 170 миңден 400 миң долларга чейин өзгөрөт, бул жездин жогорку баасы менен байланыштуу.
Ошондой эле, мэрия борбордогу коомдук транспорттун түрү катары троллейбустарды жоюу чечимин кабыл алганын эске алуу керек, бирок жаңы Генералдык планда трамвай линияларын куруу каралган.
Сүрөт www