
Фото Associated Press
Изилдөөчү Алан Джеймисон бул региондо акулаларды көрүүнү күтпөгөндөрүн белгиледи, анткени Антарктикада алар жашабайт деп эсептелет. «Бул жөн гана кичинекей акула эмес. Бул чоң жаныбар, чыныгы машина», — деп кошумчалады ал.
3-4 метр узундуктагы акула 2025-жылдын январь айында катталган, бирок анын тууралуу маалымат жакында гана жарыяланды.
Мурда акулалар Антарктикадагы экстремалдуу шарттарда тирүү калууга жөндөмдүү эмес деп эсептелген, бирок табылган жаныбар, балким, полярдык же уйку акуласы, ушул чөйрөдө комфорт белгилерин көрсөттү.
Уймуштуулар бул сууда бул жырткычтардын кичинекей популяциясы болушу мүмкүн деп болжолдошот, алар киттердин жана гигант кальмарлардын калдыктары менен азыктанат.