
Министрликтин сүрөтү
Ысык-Көл көлүндө 99 рейд өткөрүлүп, анын натыйжасында:
- 335 миң 500 сомго 63 айып пул толтурулду;
- 3 миллион 38 миң 162 сомго доо арыздар берилди, анын ичинен 2 миллион 371 миң 893 сом өндүрүлдү;
- 30 миң 600 метр синтетикалык балык уулоочу торлор жок кылынды.
Инспекторлор Сон-Көл көлүндө 100 рейд өткөрүп, 98 укук бузууну аныктап, 308 миң сомго айып пул салды. Ошондой эле 3 миң 800 метр торлор алынган жана жок кылынган.
Бүткүл өлкө боюнча мыйзамсыз жүгүртүүдөн 56 миң 900 метр синтетикалык балык уулоочу торлор алынды.
«Манас» эл аралык аэропортунда атылган куштарды мыйзамсыз ташуу фактысы катталды, ал боюнча укук бузуучуга 265 миң 500 сомго доо арыз берилди, толугу менен өндүрүлгөн.
«Достук» көзөмөл пунктунда 200 деңиз черепашкасы кармалып, кийинчерээк Ош зоопаркынын башкаруусуна өткөрүлдү.
Президенттин жарлыгына ылайык 1 миң 267 рекреациялык объекттин инвентаризациясы жүргүзүлдү. Региондо 226 тазалоо курулушу иштеп жатат, бирок 868 конок үйүндө тазалоо системалары жок, бул экологиялык коопсуздук талаптарын бузат.
Кызмат табигый ресурстарды коргоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана экологиялык объекттерди көзөмөлдөө боюнча аракеттер улантыларын белгилейт.