«Мия туулгандан бери ич катуу, ооруу жана ичтин шишиши менен жабыркайт. Дарыгерлер төрөт үйүндө аны куткара албайбыз деп, реанимацияга шашылыш алып баруу керек деп айтканда, менин жашоом түп-тамырынан өзгөрдү. Мен күн сайын анын ден соолугу үчүн күрөшүп жатам, бирок күчүм жетпей жатат. Мияга туруктуу кам көрүү керек, бул мага иштеп, анын дарыланышына акча табууга тоскоол болууда. Операциясыз анын абалы жакшырышына мүмкүнчүлүк жок», — дейт кыздын энеси.
«Мен замкнутый кругда калдым. Эгер мен иштесем, анда баланы карай турган эч ким жок. Эгер мен өзү карасам, операция үчүн акча төлөй албайм».Түркияда дарыланууга жалпы суммасы 27 миң доллар керек, анын ичинен энеси болгону 8 миң доллар чогулта алган.

Төрт жаштагы Мия, Гиршпрунг оорусунан жабыркаган, чет өлкөдө операцияга муктаж.
«Эгер анын ичи ооруп калса, мен аны колума ала албайм же дары бере албайм, анткени дээрлик баары каршы көрсөтмө. Андай учурларда мен аны кандайча жооткотуп, кандай жардам береримди билбейм», — дейт энеси.
Мия ачык колостома менен жашайт, жана ар бир күн анын үчүн азап. Ичеги көйгөйү себептүү, ич өтпөй, ичегинин бир бөлүгү 20 сантиметрге стома аркылуу чыгат. Бул кыйынчылыктарды жана кан кетүүнү жаратат, ошондой эле күчтүү ооруларды пайда кылат.