
Экс-мэр 2 миллиард 300 миллион сом тууралуу айтып берди
Женишбек Токторбаев, мурдагы Ош шаарынын мэри, өзүнүн кызматтан кетишинен кийин мэриянын 12 миллиард сом карызы бар деген ушактарды четке какты. Бул маалымат анын интервьюсунда айтылган.
Токторбаевдин айтымында, мэр болуп дайындалганга чейин Мамырова, Амир-Тимур жана Кокум бий көчөлөрүн оңдоого бюджеттен 586 миллион сом бөлүнгөн. Ал бийликке келгенден кийин жолдорго кошумча 2 миллиард 200 миллион сом бөлүнүп, бул көптөгөн көчөлөрдү жана 100 чакырымга жакын жолдорду оңдоого мүмкүндүк берди.
«Мэрия карыздарга баткандыгы тууралуу маалыматтар туура эмес. Бүгүнкү күндө муниципалдык капиталдык курулуштун подрядчиктерге болгон карызы болжол менен 750 миллион сом, ал эми шаардык жол курулушу ишканасына 1 миллиард 500 миллион сомдун тегерегинде. Натижада подряддык уюмдарга аткарылган иштер үчүн жалпы карыз 2 миллиард 300 миллион сомдун тегерегинде», — деп белгиледи Токторбаев.
Учурда мэриянын иши Счеттук палатасынын комиссиясынын көзөмөлүндө экенин белгилеп кетели.
сүрөт www