Кыргызстанда «Мектеп 21» — чоңдор үчүн санариптик технологиялар мектеби түзүлөт

Яна Орехова Жергиликтүү жаңылыктар
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстандын өкмөтү «Мектеп 21 — санариптик технологиялар мектеби» аталышындагы жаңы билим берүү мекемесин түзүү тууралуу токтомду бекитти, ал Билим берүү министрлигинин карамагында болот.

Бул мектептин негизги максаты — чоңдорго маалыматтык технологиялар боюнча кошумча билим берүү. Проект санариптик билим берүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле жарандарды заманбап IT-программаларына жеткиликтүүлүк менен камсыз кылууга жана эмгек рыногунда талап кылынган квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган.

Министрлер кабинетинде жаңы мектептеги билим берүү заманбап методикалар жана санариптик технологияларды колдонуу менен ишке ашырыларына басым жасалды, бул билим берүү процессинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшөт.

Токтомго ылайык, мекеменин типтүү структурасы жана штаттык расписаниеси бекитилип, айлык фондду эсептөө үчүн коэффициенттер да аныкталды. Айлык акыны эсептөө үчүн минималдуу базалык ставка 7 миң 40 сомду түзөт.

Мектептин каржыланышы мамлекеттик программалар жана иш-чаралар үчүн каралган республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Билим берүү министрлигине жаңы мектептин уставын иштеп чыгуу, аны тиешелүү юстиция органдарында каттоо жана мекеменин ишин уюштуруу жана координациялоо тапшырылды.

Токтом кол коюлган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: