
Саламаттык сактоо министрлиги келечектеги күйөө жана келиндер үчүн медициналык текшерүүлөрдү өткөрүүнү колдоду
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов неке алдында медициналык текшерүүнүн зарылдыгын белгиледи. Бул билдирүүнү ал депутат Нуржамал Торобекованын парламенттин эмгек жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында берген суроосуна жооп берип жатып айтты.
Осмонов: «Бул чындап эле маанилүү тема. Мен мындай практиканын милдеттүү болушун талап кылам» деди. Ал мындай текшерүүлөр оорулардын эрте стадиясында аныкталышына жана тиешелүү чараларды кабыл алууга жардам берерин, бул болсо келечектеги энелердин ден соолугуна болгон коркунучтарды азайтып, тума жаракаттарды алдын алууга мүмкүндүк берерин кошумчалады.
сүрөт www