Кыргызстан жана Тажикстан туристтик кызматташтыкты күчөтүүдө
Кыргыз Республикасынын өкмөтү Тажикстан Республикасымен туристтик кызматташтык боюнча келишимди бекитти. Бул документтин кол коюлушу 2025-жылдын 8-июлунда Душанбе шаарында болду. Интернеттен алынган сүрөт Жаңы токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги бул келишимди ишке ашырууга жооп берет. Бул министрлик тараптардын туристтик чөйрөдөгү практикалык өз ара аракеттенүүсүн координациялоону өзүнө алат.