Кыргызстандагы аялдар үй жумуштарына эркектерге караганда дээрлик 5 эсе көп убакыт коротушат, - Улуттук статистика комитети
. Бул убакыт алардын суткалык убакыт фондунун 19,4%ын түзөт. Эркектер бул ишке болгону 3,8% убактысын коротушат, бул күнүнө бир сааттан азыраак. Кызыктуу жагдай, айылдык жерлердин тургундары, эркектер жана аялдар, үй чарбасы менен алектенүүгө шаардык тургундарга салыштырмалуу 20% көбүрөөк убакыт коротушат. Айылдарда иштеген аялдар жумуш күндөрүндө үй иштерине орто эсеп менен 6,5 саат коротушса, шаарларда бул көрсөткүч 5 сааттын тегерегинде. Иштеген эркектерде убакытты сарптоо боюнча айырма дагы