Эскертүү! Кыргызстандагы тоо жолдорунда кар көчкү түшүү күтүлүүдө
12-марттан 15-мартка чейин Кыргызстандагы тоолуу аймактарда жана бир нече автожолдордо кар көчкү түшүү коркунучу болжолдонууда. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) берди. Коркунучтар төмөнкү жол тилкелери боюнча байкалат: Бишкек - Ош: 121-138 км (Тоо-Ашуу ашуусу), 198-265 км (Чычкан капчыгайы, Ала-Бель ашуусу); Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу: 55-115 км; Ала-Бука - Каныш-Кыя: 45-112 км (Чапчыма ашуусу); Кызыл Гора - Акташ: 0–3 км; Бишкек - Нарын - Торугарт: 292-305 км (Долон