
Чүй-Бишкек аймактык химизация, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери Казакстандан келген айыл чарба продукциясынын ири партиясынын киришин токтотту. Бул "Ак-Тилек автожол" контролдук өткөрмө пунктунда фитосанитардык контролдоо учурунда болду.
Текшерүү учурунда 56 тонна пияздын фитосанитардык сертификатындагы маалыматтар транспорттук накладнойдогу маалыматтар менен дал келбегени аныкталды. Бул туура эмес маалымат Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) эрежелерин бузат.
Карантин фитосанитардык контролдоо боюнча Товардык бирликтин № 318 чечимине ылайык, бул партиянын Кыргызстанга киришине тыюу салынды. Жүк толугу менен кайрадан Казакстанга кайтарылды.
Кыргыз Республикасынын Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарба продукциясын өлкөгө киргизүүдө фитосанитардык талаптарды катуу сактоонун жана бардык коштоочу документтерди кылдат текшерүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт.