2025-жылы Соцфонддун кирешеси 130 миллиард сомду түздү
2025-жылы Социалдык фонд өз бюджетинде оң динамика көрсөттү, анын кирешелери алдын ала маалыматтар боюнча 130,1 миллиард сомду түздү. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 12,9% же 14,8 миллиард сомго көп. Чыгымдар 127,1 миллиард сомду түздү, анын ичинен 110,3 миллиард сом пенсияларды төлөөгө жумшалды. 2024-жылга салыштырганда, пенсияларга болгон чыгымдар 14,9 миллиард сомго көбөйдү.