Курулуш министрлиги «Дөөлөт курулуш» компаниясынын объектилерин аяктайт
Иштер эки жылдын ичинде аякталат Кудайберген турак жай комплексинин курулуш аянтчасында курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев «Доолот курулуш» компаниясынын үлүш ээлери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Маалымат кызматынан алынган маалыматка ылайык, төрт жыл мурун батирлерди сатып алган үлүш ээлери азыркыга чейин курулуш иштеринин токтоп калуусуна байланыштуу объектилерин ала алышкан жок. Министрлик