
Иштер эки жылдын ичинде аякталат
Кудайберген турак жай комплексинин курулуш аянтчасында курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев «Доолот курулуш» компаниясынын үлүш ээлери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымат кызматынан алынган маалыматка ылайык, төрт жыл мурун батирлерди сатып алган үлүш ээлери азыркыга чейин курулуш иштеринин токтоп калуусуна байланыштуу объектилерин ала алышкан жок. Министрлик мурда компанияга иштерди кайра баштоо боюнча тапшырмаларды жиберген, бирок финансылык көйгөйлөр үлүш ээлеринин каражаттарын натыйжалуу пайдаланууга тоскоол болуп, курулуштун токтоп калуусуна себеп болгон.
Үлүш ээлеринин кайрылуусунан кийин, өлкө президенти Садыр Жапаров абалды көзөмөлгө алып, Министрликке курулушту аяктоо үчүн зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Учурда «Доолот курулуш» компаниясынын жетекчилиги курулуш аянтчаларын министрликтин карамагына өткөрүп берди.
Министр компаниянын активдери мамлекеттик менчикке өткөрүлөрүн жана объектилердеги иштер поэтаптуу түрдө кайра башталары тууралуу белгиледи.
Нурдан Орунтаев «Кудайберген» жана Шопоков комплекстеринин курулушу жакынкы эки жылдын ичинде аяктары тууралуу билдирди. Бир айдын ичинде токтоп калган долбоорлорду кайра баштоо боюнча иштер башталат, ошондой эле документтер жана келишимдер кайра каралат. Ошол эле учурда, батирлердин баасы рыноктук деңгээлден ашпайт. Иштердин так графиги түзүлөт жана үлүш ээлеринин каражаттары курулушту аяктоого гана жумшалат.
Мындан тышкары, ар бир үлүш ээси менен келишимдерди кайра карап чыгуу пландалууда, ал эми кийинки төлөмдөр жаңыланган график боюнча жүргүзүлөт. Курулуштун бардык этаптары жана каражаттарды пайдалануу министрликтин көзөмөлүндө ачык болот. Даяр батирлерди берүү макулдашылган планга ылайык жүргүзүлөт.
Маалымат кызматынан алынган сүрөт