КР өкмөтү 2030-жылга чейин өлкөдөгү спортчулардын санын эки эсе көбөйтүүнү пландаштырууда
Кыргызстандын өкмөтү өлкөдөгү физикалык маданиятты жана спортту өнүктүрүүгө багытталган жаңы амбициялуу программаны жарыялады. Бул документ 2030-жылга чейин күчүндө болот, ал массалык жана профессионалдык спортту, ошондой эле инфраструктура, адистерди даярдоо, цифрлаштыруу жана улуттук спорт түрлөрүн колдоо маселелерин камтыйт.