Кыргызстан жана Тажикстан туризм тармагында кызматташат
Бизнес-форумдун жүрүшүндө Борбордук Азиянын регионалдык экономикалык кызматташтыгы (БАРЭС) боюнча Кыргызстан жана Тажикстан компанияларынын ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Документ туристтик тармакта биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө жана өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган, деп маалымдайт КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, меморандум туристтик маршруттарды биргелешип өнүктүрүүнү камтыйт.