Атамбаев: «Биз 6 миллион болдук, жана Кыргызстандагы калктын өсүшү адамдардын өз өлкөсүнүн келечегине болгон ишеними тууралуу айтат»
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-ноябрда, республика Премьер-министри Темир Сариев менен жолугушту, ал мамлекет башчысына алты миллионунчу кыргызстандыктын төрөлгөнү тууралуу маалымат берди. Премьер-министрдин маалыматына ылайык, бүт эл үчүн күтүлгөн алты миллионунчу кыргызстандык - кыз бала. Кичинекей кыз Ош шаарында 18:12де аскер кызматкери Алмаз Кожошевдин үй-бүлөсүндө төрөлдү. Бала төрөлгөн апа Рахат Белекова жакшы сезип жатат. Жаңы төрөлгөндүн салмагы 3