Экология — мамлекеттик коопсуздук категориясы
Иссык-Кул жээгинде ТМД Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПА) агрардык саясат, табигый ресурстар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйыны өттү. Аны Молдова парламентинин айлана-чөйрө жана климаттык өзгөрүүлөр боюнча комиссиясынын жетекчиси Виолетта Иванов жетектеди. Жыйынга ТМДга мүчө мамлекеттердин парламентчилери Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын жогорку мыйзам чыгаруу органдарынан катышты.