Казакстандыктар Ысык-Көлдө жайды күтүшүүдө
Алматы шаарында Казакстан туризм бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушуу ийгиликтүү өттү. 30дан ашык туристтик тармактын субъекттери катышты. Казакстандык кесиптештерди чек арадагы өткөрүү пункттары, курорттук-санаторий мекемелеринин даярдыгы, коопсуздук, үчүнчү жактар тарабынан коштогон учурда балдар үчүн уруксат кагаздары, ДПСтин патрулдук кызматтары жана башка маселелер кызыктырды.