Вадим Козюлин: «ОДКБ жана ШОС ИГИЛ сыяктуу коркунучка каршы туруштук бере алат»

Вадим Козюлин: «ОДКБ жана ШОС ИГИЛ сыяктуу коркунучка каршы туруштук бере алат»
«ИГИЛ жаштардын жүрөгүнө жол тапты жана терроризмди жаңы деңгээлге чыгарды, жана азырынча эч ким ага каршы тура албайт», - деп билдирди ПИР борборунун эксперти Вадим Козюлин Бишкектеги «ИА» эл аралык маалымат борборунда өткөн «Евразия экономикалык биримдигинин маалыматтык коопсуздугу – саясий туруктуулуктун шарты» тегерек столунда.

Козюлин америкалык аскерлердин Афганистандан акырындык менен чыгарылышы региондогу абал үчүн жоопкерчиликти союздаш өлкөлөргө жана Афганистандын коңшуларына өткөрүп берүүдө экенин белгиледи.
– АКШнын дипломаты борбордук Азияга болгон кызыгуусу олуттуу түрдө төмөндөп жатат. Келечекте регионго болгон бардык финансылык каражаттар токтойт. Бул жүктү Кытай, Россия жана Казакстан өзүнө алат, – деп билдирди эксперт.

Бирок ал борбордук Азия – Кытайга, Россияга, Иранга, Индияга жана Пакистанга жетүүчү жер экенин түшүндүрдү, ошондуктан АКШ бул регионду көзөмөлдөөгө кызыкдар.

– ИГИЛдин пайда болушу борбордук Азия үчүн жаңы чакырык болду. Бул «Талибан» менен салыштырганда кыйла ийкемдүү жана өнүккөн уюм. ИГИЛдин күчү алардын структурасынын жакшы өнүккөндүгүндө: бардык регионалдык өкүлдөрдүн аттары белгилүү, аларда аскерий кеңеш, даже министрлер кабинети бар, – деди Козюлин.

Ал ошондой эле ИГИЛ жөнүндө маалымат аз экенин, ИГИЛдин өкүлдөрүнүн болжолдуу саны да белгисиз экенин кошумчалады. ЦРУнун маалыматы боюнча, бул террордук уюм 30 миң жоокерди камтыйт, Ирандын маалыматы боюнча – 300 миңге чейин.

– ИГИЛ күндөн-күнгө күч алып жаткандыгына карабастан, ОДКБ жана ШОС сыяктуу уюмдар бул коркунучка каршы тура алат. ШОС региондогу терроризмге, экстремизмге жана бөлүнүүгө каршы катуу күрөшүүдө. Бул уюм 400дөн ашык теракттын алдын алды, 15 бандит башчысын жок кылды, 400дөн ашык террористти издөөгө чыгарды, – деп билдирди эксперт. – ОДКБ жөнүндө айтсак, бул уюм дээрлик 1,2 миллион адамды чогулта алат. Биз быйыл активдүү антитеррористтик машыгуулар өткөрүлгөнүн көрдүк. Май айында Тажикстанда ОДКБ тарабынан ири машыгуулар өткөрүлүп, алардын максаты аскердик күчтү көрсөтүү жана Афганистандын тараптарына, ошондой эле Афганистан менен чек аралаш тажик айылдарынын тургундарына көрсөтүү болду.

Эксперттин айтымында, маалыматтык терроризмге каршы күрөшүү боюнча ОДКБ жана НАТОнун «Прокси» биргелешкен атайын операциясы көрсөткөндөй, Интернетте 57 миңден ашык экстремисттик сайттар аныкталган, алардын көбүн жабууга жетишилди.

– ИГИЛди каржылоонун булактарын табуу керек. Бул жерде абал ачык-айкын эмес. Сириянын 85% тургуну ИГИЛ АКШ тарабынан түзүлгөн долбоор деп эсептешет. Бир катар чет элдик маалымат каражаттары ИГИЛдин катарын Израиль жана АКШ тарабынан даярдалган бир нече миң жогорку класстагы аскерий офицерлер толуктаганын жазышууда. Бул Россиянын маалымат каражаттарынын версиясы эмес экенин белгилеп кетем, – деп кошумчалады ПИР борборунун эксперти.

Маалымат ИА:

ПИР борбору – Россияда эл аралык коопсуздук, ядролук куралды жайылтпоо жана куралсыздануу тармагында жетекчи өкмөттүк эмес уюм. 2010-жылдан бери ЭКОСОС алдында консультациялык статуска ээ. ПИР борбору Россиянын эксперттик коомчулугунун ролун жана ордун дүйнөдө бекемдөө, Россиянын улуттук кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде коргоо боюнча кеңири илимий, уюштуруу, консультациялык жана билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзөт.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent