
Уюштуруучулардын сүрөтү. Нурсултан Кенешбеков Россияда «Рождественские старты» жеңип алды
Кыргызстандык спортчу 3000 метр аралыкта мыкты жыйынтык көрсөтүп, Екатеринбургда жарышты 7 мүнөт 57,66 секунд менен аяктады.
Сорундарга 35 россиялык региондон 190 атлет, ошондой эле Беларус, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан өкүлдөр катышты.
Ошондой эле, 2025-жылдын октябрь айында Нурсултан Кенешбеков жарым марафон боюнча жаңы өлкө рекордун орнотту.
Ал Казан улуттук жарым марафонуна катышып, 21,1 километр аралыкта 1 саат 1 мүнөт 39 секунд менен үчүнчү болуп финиш кылды, бул Кыргызстан үчүн жаңы рекорд болду.