Абдуллаева Майрам Дукуевна

Абдуллаева Майрам Дукуевна
Абдуллаева Майрам Дукуевна

Химия боюнча кандидат. 1959-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган.

Учурда Ош мамлекеттик университетинин жалпы жана органикалык химия кафедрасын жетектеп жатат.

1988-жылы Москва шаарында «Туздун негизинде төмөн температурадагы жылуулук өткөргүчтөрдү иштеп чыгуу жана изилдөө» темасында кандидаттык диссертациясын коргогон.

Төмөн температурадагы жылуулук өткөргүчтөр, коррозия жана металлдарды коррозиядан коргоо боюнча адис.

Ал иштеп чыккан калий карбонатынын негизинде жылуулук өткөргүч азыркы учурда Россия Федерациясында, Швейцарияда өндүрүлүп, бул өлкөлөрдүн экономикасынын ар кандай тармактарында колдонулууда.

Доцент, Кыргыз Республикасынын элдик билим берүү отличниги

65тен ашык илимий эмгектери жарыяланган, 6 ойлоп табуунун автору.

Негизги ойлоп табуулары:

1. Төмөн температурадагы жылуулук өткөргүч. СССР патенти № 1527246,1989.
2. Экологиялык жактан таза жылуулук өткөргүч. Кыргыз Республикасынын патенти №775, 2005.
3. Туздуу жылуулук өткөргүч - антифриз. Кыргыз Республикасынын патенти № 776,2005.
4. Жылуулук өткөргүч. Кыргыз Республикасынын патенти №814,2005.
5. Экологиялык жактан коопсуз антифриз «Экосол». Кыргыз Республикасынын патенти № 977,2007.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent