Джошибаев Сейтхан Джошибаевич

VK X OK WhatsApp Telegram
Джошибаев Сейтхан Джошибаевич

Джошибаев Сейтхан Джошибаевич



Медициналык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Казакстан Республикасынын профилактикалык медицина академиясынын чыныгы мүчөсү, СССРдин саламаттыкты сактоо отличниги, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери, Казакстан Республикасынын саламаттыкты сактоо отличниги. 1939-жылы төрөлгөн. 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган.

Нарын облустук ооруканасында хирург болуп, КГМИнин жалпы хирургия кафедрасында хирург болуп, Кыргызстан, Казакстан кардиохирургия борборунун жетекчиси болуп иштеген. Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча адис, жогорку категориядагы кардиохирург.

Кыргызстан хирургия коомдорунун ассоциациясынын президиумунун мүчөсү, Европалык кардиоторокалдык хирургдар ассоциациясынын мүчөсү, Россия Федерациясынын минималдуу инвазивдүү кардиохирургдар лигасынын мүчөсү, РФ жүрөк-кан тамыр хирургдары ассоциациясынын мүчөсү, Минималдуу инвазивдүү кардиохирургдар эл аралык коомунун мүчөсү.

“Данк” медалы, Казакстан “Ерен енбегт yuiin” медалы, СССРдин АМН академиги В.И. Бураковскийнин эстелик медалы, И.К. Ахунбаев атындагы НАН КР сыйлыгы, Кыргызстан хирургия коомдорунун ассоциациясынын Ардак грамотасы, “Алтын котр” Ардак грамотасы жана белгиси, Кыргыз Республикасынын, Казакстан жана Монголиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Анын жетекчилиги астында 1 докторлук жана 7 кандидаттык диссертация корголгон. 148 илимий эмгек жарыяланган, 8 ойлоп табуунун автору.

Негизги ойлоп табуулары:

1. Жогорку сапаттагы электрохирургия үчүн электрод. Автордук күбөлүк № 160-0728,1990.
2. Клапан камтыган жамоо. Автордук күбөлүк №1725909,1991.
3. Туулган жүрөк кемтиги бар балдарды операцияга даярдоо ыкмасы. Автордук күбөлүк №1803876,1992.
4. Операциялык жеткиликтүүлүктөрдүн параметрлерин өлчөө үчүн түзүлүш. Казакстан Республикасынын алдын ала патенти №9794,2001.
5. Жүрөктүн митральдык клапанынын протезин бекитүү ыкмасы. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти №461,2001.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Иманов Акеш

Иманов Акеш

Иманов Акеш (1931), филология боюнча доктор (1995), профессор (1992) Кыргыз. Ак-Дебе айылында,...

Закиров Сапарбек

Закиров Сапарбек

Закиров Сапарбек (1931-2001), филология иликтөөсүнүн кандидаты (1962), профессор (1993) Кыргыз....

Табалдиев Асанбек

Табалдиев Асанбек

Табалдиев Асанбек (1935-1975), философия боюнча доктор (1971), профессор, Кыргыз ССР Илимдер...

Базарбаев Шамши (1937)

Базарбаев Шамши (1937)

Базарбаев Шамши (1937), философия боюнча доктор (1993), профессор (1995). Кыргыз. Сузак районунун...

Касымбеков Бейшебай

Касымбеков Бейшебай

Касымбеков Бейшебай (1933), ветеринардык илимдердин доктуру (1991), профессор (1998) Кыргыз....

Садыков Абдыкадыр

Садыков Абдыкадыр

Садыков Абдыкадыр (1933), филология илиими боюнча доктор (1972), профессор (1983), Кыргыз ССРинин...

Мамытов Жумаш

Мамытов Жумаш

Мамытов Жумаш (1935), филология иликтөө боюнча кандидат (1967), профессор (2001) Кыргыз....

Суванбеков Джурсун

Суванбеков Джурсун

Суванбеков Джурсун (1930-1974), филология иликтөөлөрүнүн доктору (1971) Кыргыз. Иссык-Куль...

Ашимов Исабек (1953)

Ашимов Исабек (1953)

Ашимов Исабек (1953), медициналык (1995) жана философиялык илимдердин доктору (2002), профессор...

Марипов Арапбай

Марипов Арапбай

Марипов Арапбай (1939), физика-математика илигинин доктору (1994), профессор (1994) Кыргыз. Ош...

Ишекеев Назаркул

Ишекеев Назаркул

Ишекеев Назаркул (1955), педагогика иликтөөсүнүн доктору (1995), профессор (1996). Кыргыз. Нарын...

Осмонкулов Аскар

Осмонкулов Аскар

Осмонкулов Аскар (1926), педагогика илимдеринин доктору (1995), профессор (1992) Кыргыз. Чон-Арык...

Омуралиев Боогачы

Омуралиев Боогачы

Омуралиев Боогачы (1930), педагогика боюнча илимдердин доктуру (1999), профессор (1992) Кыргыз....

Доолоталиев Сейит

Доолоталиев Сейит

Доолоталиев Сейит (1940), экономика илигинин доктору (1993), профессор (1997) Кыргыз. Ысык-Ата...

Саламатов Жолдон

Саламатов Жолдон

Саламатов Жолдон (1932), физика-математика иликтөөсүнүн доктору (1995), профессор (1993) Кыргыз....

Комментарий жазуу: