Кыргызстандын көлдөрү
Кыргызстан аймагында 750 көл, суу сактагыч жана кичинекей саздар эсептелген, жалпы аянты 6836 км2, т.е. республика аймагынын 3,4%ын ээлейт. Алардын ичинен 16 көл жана 11 суу сактагычтын аянты 1 км2ден ашат. Көптөгөн көлдөр кичинекей, айна бетинин аянты 0,02—0,2 км2. Негизинен, көлдөр бийик тоолуу зонада, мөңгүлөрдүн учунда, 3000—4000 м бийиктикте жайгашкан.