Жүзөгө ашырылган долбоорлор:
- Иш жүрүшүндө 90 километр эски алюминий зымдары жаңы, ишенимдүү СИП-зымдарга 10/0,4 кВ напряжениеси менен алмаштырылды.
- 1300 жыгач опоралар темир-бетон конструкциялары менен алмаштырылды.
- 10/0,4 кВ напряжениеси менен 18 комплект трансформатордук подстанция орнотулду, бул бир нече айылдардын туруктуу электр энергиясы менен камсыз болушун камсыз кылды.
- Ошондой эле 23 күч трансформаторунун кубаттуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлдү.
- Электр энергиясынын сапатын жана туруктуулугун жакшыртуу максатында 6–35 кВ бөлүштүрүү тармактары үчүн авариялык токтордон коргоо жана убактылуу зыяндарда электр энергиясын автоматтык түрдө калыбына келтирүүчү 7 реклоузер орнотулду.
- Жыргалан өрөөнүндө 35/10 кВ «Уч-Чоку» жаңы подстанциясынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.
Жыргалан районундагы кошумча иштер:
- 12,8 км жаңы кабелдик линиялар орнотулду;
- 10 кВ напряжениеси менен 4 подстанция орнотулду.
Ысык-Көл облусундагы жогорку напряжениедеги подстанцияларынын жалпы кубаттуулугу 56,5 МВАга жогорулады, бул региондун энергия системасынын ишенимдүүлүгүн кыйла жогорулатат.
Так өзгөртүүлөр:
- «Пржевальск» подстанциясында 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВА кубаттуулуктагы трансформаторго алмаштырылды.
- «Восточный» подстанциясында 16 МВА трансформатор 25 МВАга алмаштырылды.
- «Покровка» подстанциясында 10 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 16 МВАга алмаштырылды.
- «Жети-Огуз» подстанциясында 10 МВА кубаттуулуктагы трансформаторлор 16 МВАга алмаштырылды.
- «Жаңы-1», «Саруу», «Барскоон», «Кең-Суу», «Улахол» подстанцияларында да ушундай иштер жүргүзүлдү.
- Мындан тышкары, «Ачикеев», «Кең-Суу», «Маяк», «Бошарино», «Энилчек» подстанцияларында 1989-жылкы эски майлуу өчүргүчтөр заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды, бул авариялык кырдаалдарды алдын алууга жана жүктөлгөн чынжырларды автоматтык түрдө өчүрүүгө мүмкүндүк берет.