Эл аралык экологиялык акция Ысык-Көлдө 14-сентябрда
Ысык-Көлдө ЕСдин колдоосу менен биринчи жолу эл аралык акция #EUBeachCleanup өтөт
Кыргызстанда, дүйнөнүн көптөгөн башка өлкөлөрүндөй, пластик жана башка калдыктар менен айлана-чөйрөнүн булганышы көйгөйү өтө курч турат. Иш жүзүндө, 2050-жылга чейин деңизде балыкка караганда көп пластик болушу мүмкүн. Ысык-Көл да булганган.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн Европалык Союз, БУУ жана Смурфиктер чоң куколар түрүндө пляждарды тазалоо боюнча өз күчтөрүн бириктирип, бардык өлкөлөрдүн жарандарын өз салымдарын кошууга чакырат. Бул акция дүйнө жүзү боюнча экинчи жолу өткөрүлүүдө. 2018-жылы Ганадан Исландияга жана Доминикан Республикасынан Фиджига чейин 3 миңден ашык адам катышкан 70тен ашык акция өткөрүлгөн. Бул жылы ушундай акциялар дүйнөнүн 75 өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлөт.
Иш-чара 14-сентябрда Ысык-Көл облусунда (Бостери айылы) ЕСдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, БУУнун өлкөлүк кеңсесинин, Германия жана Улуу Британиянын элчиликтеринин кызматкерлеринин катышуусунда өтөт. Мындан тышкары, Ысык-Көлдөгү пляжды тазалоо боюнча эл аралык командага 150 жергиликтүү волонтер жана дайверлер тобу кошулат.
"Биз планетабызды сүйүүбүздү бөлүшөбүз жана анын саламаттыгын сактоо үчүн жоопкерчилик алып жатабыз – тазалоо жана алдын алуу иш-чаралары аркылуу. Ошондуктан биз Ысык-Көлдүн пляждарынын биринде тазалоо иштерин өткөрүүнү чечтик. Бул үчүн биз Кыргызстандагы БУУ системасынын досторубуз менен, Германия жана Улуу Британиянын элчиликтери менен күчүбүздү бириктирип жатабыз. Биз деңиздердин булганышы көйгөйүнө кайдыгер эместигибизди көрсөтүп, бул көйгөйдү мүмкүн болгон бардык жолдор менен чечүүгө аракет кылып жатабыз", - деди Эдуард Ауэр, ЕСдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.
#EUBeachCleanUp Кыргызстанда жергиликтүү бийликтер жана активисттер менен өнөктөштүктө өтөт. Иш-чараны уюштуруу боюнча "ЭкоДеми" коомдук фонду чоң колдоо көрсөттү, ал экологияны коргоо жана аймактарды тазалоо боюнча көптөгөн акциялары менен белгилүү.
Маалымат:
Европалык Союз деңиздердин булганышына каршы глобалдык күрөштү баштап, жакында бир жолу колдонулуучу пластик буюмдарды, айрыкча пляжда көп кездешүүчү буюмдарды колдонууга чектөөчү мыйзамдарды кабыл алды. Мындан тышкары, мыйзамдар жоголгон балык уулоочу жабдыктарды камтыйт, алар пляждагы таштандалардын 27%ын түзөт.
БУУнун Устундук өнүктүрүү максаттары (УӨМ) бардык үчүн жакшы жана туруктуу келечекти камсыз кылуу үчүн негиз болуп саналат. Алар биз туш болгон глобалдык көйгөйлөрдү, анын ичинде кедейчилик, теңсиздик, климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнүн начарлашы, бакубаттык, тынчтык жана адилеттүүлүк сыяктуу чакырыктарды карайт. УӨМ 14 дүйнөлүк океанды туруктуу пайдалануу жана сактоо боюнча милдеттерди койот.
1958-жылы Пейо тарабынан түзүлгөн Смурфиктер оптимизм жана достуктун универсалдуу символу болуп саналат. Көк смурфиктер табият менен гармонияда жашап, дүйнө жүзү боюнча балдарга жана чоңдорго бактылуулук алып келишет. Смурфиктер #EUBeachCleanup кампаниясынын жана туруктуу өнүктүрүү максаттарынын расмий өнөктөштөрү болуп калды.