
Орозбаев Кыргызстанда эттин кости менен орточо баасы килограммына 680 сомду түзөөрүн белгиледи. Салыштыруу үчүн, коңшу өлкөлөрдөгү баалар төмөнкүдөй:
- Казакстан — 650 сом;
- Россия — 1 миң 25 сом;
- Армения — 950 сом;
- Беларусь — 925 сом;
- Узбекистан — 1 миң 40 сом;
- Тажикстан — 1 миң 150 сом.

Женалы Орозбаев кызыктуу фактка да көңүл бурду: Узбекистанда орточо эмгек акы Кыргызстанга караганда төмөн болсо да, эттин баасы жогору. Ал эми Казакстанда, эмгек акынын деңгээли жогору болсо да, эттин кости менен баасы Кыргызстанга караганда төмөн.