
Кыргыз Республикасынын Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын аягына чейин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу кыйла бекемделет. Расмий отчетко ылайык, республика азыр алты негизги азык-түлүк категориясында, анын ичинде жашылчалар жана мөмө-жемиштер, картошка, сүт, эт, кант жана жумуртка боюнча ички муктаждыктарын толук канааттандырат.
Бирок, нан азыктары, өсүмдүк майы жана мөмө-жемиш продукциясы сыяктуу айрым сегменттерде импортко көз каранды болуу сакталууда. Ошол эле учурда министрлик сырттан жеткирүүлөргө болгон көз карандынынын туруктуу түрдө төмөндөп жатканын белгилейт.
Акыркы алты жылдагы өзүн-өзү камсыздоо көрсөткүчтөрүнүн анализи оң динамиканы көрсөтүүдө:
Министрликте кант жана мөмө-жемиштерди өндүрүүдө эң чоң өсүш катталганын, жергиликтүү өндүрүштүн үлүшү үч эсе көбөйгөнүн белгилешет. Агрардык секторду бекемдөө жана ички өндүрүштүн көлөмүн кеңейтүү өлкөнүн азык-түлүк суверенитетине жетүүдө пландуу түрдө көмөктөшүүдө.