
Россиянын Министрлер кабинетинин пресс-кызматынын сүрөтү
Талкуунун жүрүшүндө Андрей Никитин байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрүн келечектеги кеңештин жыйынына чакыруу идеясына колдоо көрсөттү.
Ошондой эле тараптар 2027-2029-жылдарга чейин ЕАЭБдин координацияланган транспорттук саясатынын негизги аспекттерин ишке ашыруу үчүн жол картасын түзүү маселесин көтөрүштү. Негизги приоритеттер катары санариптик өнүгүүнү жөнгө салуу, автономдуу системалар үчүн бирдиктүү стандарттарды иштеп чыгуу жана дрон технологияларын киргизүү белгиленди.
Мындан тышкары, күн тартибинде навигациялык пломбаларды колдонууга байланыштуу пилоттук долбоорлор болду. Эскерте кетсек, 11-февралдан тарта Кыргызстанда жана Евразия экономикалык биримдигинин башка өлкөлөрүндө товарларды навигациялык пломбаларды колдонуу менен туруктуу көзөмөлдөө милдеттүү болуп калды.
Ошондой эле электрондук эл аралык транспорттук накладнойлор e-CMR менен байланышкан долбоорлор иштелип жатат, ошондой эле темир жол транспортунда контейнердик ташууларды санариптештирүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү даярдалып жатат.