Бишкекте Соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча Кеңештин (СУПТ) 14-отуруму өттү, деп билдирет Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги.
Иш-чара мамлекеттик структуралардын, бизнес коомчулугунун жана өнүктүрүү менен алектенген эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн чогултту.
Күн тартибинде 2025–2027-жылдарга карата СУПТ планынын 2025-жылдагы аткарылышынын жыйынтыктары, ошондой эле өлкөдөгү соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча стратегиялык приоритеттер жана негизги багыттар талкууланды. Санариптештирүү, мамлекеттик органдар ортосундагы кызматташтык жана регионалдык өз ара аракеттенүү маселелерине чоң көңүл бурулду.
Отурум учурунда катышуучуларга Кыргыз Республикасынын өткөрүү пункттарында электрондук кезек системасын киргизүүнү көрсөтүүчү видеопрезентация сунушталды, бул болсо соода-сатык ишмердүүлүгүнө катышуучулар үчүн шарттарды жакшыртуу, күтүүнүн убактысын кыскартуу жана ачыктыкты жогорулатууга багытталган.
Соода процедураларын жөнөкөйлөтүү жаатындагы жетишкендиктер жана учурдагы көйгөйлөр талкууланганда, төмөнкүдөй ар кандай докладдар жана отчеттор сунушталды:
- Соода процедураларын санариптештирүү жана жөнөкөйлөтүү боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын отчету;
- Эл аралык автомобиль ташуулар үчүн шарттарды түзүү боюнча Транспорт жана байланыш министрлигинин доклады;
- 2025–2027-жылдарга карата соода процедураларын жөнөкөйлөтүү планынын аткарылышы боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигинен маалымат;
- 2025-жылга карата СУПТ планынын алкагында фитосанитардык контрол боюнча Химизация, коргоо жана өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин доклады;
- 2025-жылдагы процедураларды жөнөкөйлөтүү боюнча жүргүзүлгөн иштер боюнча «Бирдиктүү терезе» мамлекеттик ишканасынын отчету.