
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкекте салык мыйзамдарын бузуу боюнча рейд өткөрүшүп, тыюу салынган электрондук сигареттер сатылган жерди аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы маалымат берди.
Сатуу жери борбордун 7-микрорайонундагы турак үйдүн подвалында жайгашкан. Текшерүү маалыматтарына ылайык, анын ишин Э.Д.Ж. аттуу жаран башкарган. Товарлар курьердик кызматтар жана такси аркылуу алдын ала уюштурулган схема менен сатылган.
Рейддин натыйжасында 3 миллион сомдон ашык суммадагы 3 миңден ашык никотин камтылган буюмдар убактылуу алынган, алар укук коргоо органдарына өткөрүлөт.